Кыргыз шахматы жаңы деңгээлде: Эдиса Бердибаева тарыхта биринчи дүйнө чемпиону болду

Спорт Загрузка... 08 Август 2025 17:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Эдиса Бердибаева АКШда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алып, шахмат боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал мындай жогорку наамга ээ болгон алгачкы кыргызстандык спортчу катары тарыхка кирди. Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Адилет Бөлөков бүгүн “Кабар” маалымат агенттигине жаш спортчунун жеңиши, ошондой эле облустагы башка жаш жана келечектүү шахматчылар тууралуу айтып берди.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.05.31 (4).jpeg

Анын айтымында, Эдиса мектеп окуучулары арасындагы дүйнө чемпионатында мыкты жыйынтык көрсөтүп, дүйнө чемпиону болду. Анын бул ийгилиги башка жаштарды шыктандырып, облустагы интеллектуалдык спортко болгон кызыгууну арттырат.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.05.31 (5).jpeg

“Бул ийгиликтүү жеңиш үчүн абдан кубанып жатабыз. Жеңиштин артында чоң эмгек бар. Спортчунун өзү эле эмес, машыктыруучулары, ата-энеси дагы колдоп, чоң жардам көрсөтүштү. Жетишкен ийгиликтер жамааттык эмгектин натыйжасы деп эсептейм. Ысык-Көл облусунда келечекте жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө жөндөмдүү таланттуу жаш шахматчылар бар. Акыркы жылдары облуста шахмат жана тогуз коргоол оюндарына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчуларды даярдоо иштери жүрүп жатат. Аймакта тажрыйбалуу машыктыруучулар эмгектенүүдө, алардын аракетинин жыйынтыгында облустун шахматчылары Кыргызстандын курама командасынын негизи өзөгүн түзүшөт. Биздин окуучулар жыл сайын өлкө атынан Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышып, ар жыл сайын кеминде 3-4 мамлекетке барып келишет”, - дейт Бөлөков.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.05.31 (1).jpeg

Башкармалыктын башчысы белгилегендей, акыркы 2-3 жылда спорттун бул түрүн каржылоо жакшырган. Шахмат Олимпиадалык программага кирбеген спорт боюнча дирекциянын карамагына кирет жана бюджетти бөлүштүрүүдө анын үлүшү мурда азыраак болчу.

“Өткөн жылы каражаттын бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, демөөрчүлөр да жардам берип, 1 млн сомго жакын каражатты тартууга жетиштик. Ысык-Көл облустук шахмат федерациясы шахмат спортун өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барууда. Өткөн жылы Каракол шаарында алгачкы ирет Борбор Азия чемпионаты өткөрүлүп, бул чоң жетишкендик болду. Мындан тышкары, шаарда шахмат академиясы жана атайын окуу борборлору ачылды. Жакынкы аралыкта Караколдо интеллектуалдык спорт мектебин ачуу пландалууда. Буюрса шахматтын келечеги чоң”, - деп кошумчалады ал.

1639501855_karakol-chemp-shahmaty.width-800 (1).jpg

Ал ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунан төмөнкү 10 спортчу Азия жана дүйнө чемпионатына катышарын белгиледи:

8–12 жаштагы балдар арасындагы дүйнө чемпионаты (Казакстан, 18-сентябрдан 1-октябрга чейин)

  • Абубакр Исмаилов (Каракол / машыктыруучу Дамир Талапкер)
  • Раиля Шаршебаева (Каракол / Дамир Талапкер)

14–18 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионаты (Албания, 3–16-октябрь)

  • Эржан Жакшылыков (Каракол / Медет Жапаров)
  • Нурэлина Турсуналиева (Ак-Суу / Самат Деркембаев)

7–17 жаштагы мектеп окуучулары арасында Азия чемпионаты (Монголия, 20–30-октябрь)

  • Элим Кенешбеков (Каракол / Жапаров Медет)
  • Нурэлина Турсуналиева (Ак-Суу / Деркембаев Самат)
  • Абубакр Исмаилов (Каракол /Дамир Талапкер)
  • Айкөл Маликова (Каракол / Эдилбек Алманбет уулу )

8–18 жаштагы уландар арасында Азия чемпионаты (Таиланд, 20–30 ноябрь)

  • Эдиса Бердибаева (Каракол /Дамир Талапкер)
  • Нурайым Турсуналиева (Ак-Суу / Деркембаев Самат)
  • Эвелина Санташбекова (Ак-Суу / Деркембаев Самат)