Кыргызстан-Россия кызматташтыгы. Бишкекте өз ара аракеттенүү жана моделдөө борбору ачылды

Коом Загрузка... 02 Декабрь 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. "Евразия" орус тили жана маданият борборунда кыргыз-россия эксперттеринин дискуссиясы жана Эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борборунун ачылышы өтү.

"Россия - Кыргызстан союз мамилелерин моделдөө жана эксперттик кызматташуу" темасындагы дискуссияга Кыргызстан менен Россиянын эксперттери, тиешелүү адистер катышууда.

Иш-чараны "Евразия Кей Жи" аймактык кеңсе башчысы Кымбат Урумкулова ачып, “Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюму маданият, идея жана өнөктөштүк демилгелердин жайына айланып калганын белгиледи.

WhatsApp Image 2025-12-02 at 12.11.42.jpeg

“Бүгүнкү күндө биз ушул салтты улантып, кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар болгон адистерди, изилдөөчүлөрдү жана Кыргызстан менен Россиянын институттарынын өкүлдөрүн бириктирип жатабыз.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер – биздин аймактагы туруктуулуктун, ишенимдин жана көп жылдык өнөктөштүктүн маанилүү таянычы жана бекем негизи болуп саналат. Бул өнөктөштүк эки тараптын өз ара урмат-сыйына жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу принцибине негизделип ийгиликтүү өнүгүп келе жатат.

WhatsApp Image 2025-12-02 at 12.15.45 (4).jpeg

Бул өзгөчө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жакында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө баса белгиленип, анын алкагында эки мамлекеттин башчылары Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул эки тараптуу мамилелердин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнөн кабар берет”,- деди Урумкулова.

Ошондой эле мындай жолугушуулар жүрүп жаткан кызматташтык процесстерди тереңирээк түшүнүүгө, биргелешип чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөөрүн маалымдады.

WhatsApp Image 2025-12-02 at 12.15.45.jpeg

Жаңы ачылган Эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борборунун түзүлүшү Евразия аймагында жүрүп жаткан процесстерди терең талдоого жасалган маанилүү кадам экенин Кымбат Урумкулова сөзүнүн акырында белгиледи.

“Биз Эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борборун жаңы идеялар жаралган, узак мөөнөттүү кызматташтык моделдери иштелип чыккан, ошондой эле эки өлкө ортосундагы заманбап баарлашуу форматтары өнүккөн маанилүү аянтчага айланат деп ишенебиз”,- деди ал.