Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар ири макулдашууларга кол коюлду.
Форумдун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков Кыргызстан менен Россия биргелешкен мобилдик оператор түзөрүн билдирди. Жаңы долбоор эки өлкөнүн ортосундагы мобилдик байланышты жеңилдетүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга багытталат.
Ал эми минкаб төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев форумдун алкагында жалпы суммасы 800 млн долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлганын билдирди. Анын айтымында, өнөр жай, кайра иштетүү тармактарын, ошондой эле ата мекендик банктар аркылуу чакан жана орто бизнести колдоону камтыйт.
Форумдун алкагында кол коюлган макулдашуулар төмөнкү негизги тармактарды жана долбоорлорду камтыйт:
Жашыл энергетика жана өнөр жай:
- Нарындагы күн электр станциясы: Нарын облусунда күн электр станциясын куруу боюнча $250 млн долларлык инвестициялык долбоор бекитилди (РКӨФ, ЕАӨБ, “АСТ Империал Строй” ЖЧКсы).
- Ысык-Көлдөгү шамал электр станциясы: Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейинки шамал электр станциясын курууну каржылоого $126 млн доллар бөлүнөт (РКӨФ, ЕАӨБ, “Новавинд КР” ЖЧКсы).
- Май өндүрүүчү комбинат: Кыргызстанда май өндүрүүчү комбинатты куруу жана пайдаланууга берүү үчүн $88,9 млн долларлык келишимге кол коюлду (КР министлер кабинети, “НООР” ЖЧКсы).
Инфраструктура, байланыш жана логистика:
- Өлкөдө жаңы виртуалдык мобилдик байланыш операторун түзүүгө $4,2 млн доллар багытталат (РКӨФ, “МВНО БКГ” ЖЧКсы).
- Темир жол транспортун модернизациялоо: Локомотивдердин дөңгөлөктөрүн оңдоочу бөлүмдү технологик жабдуу долбооруна $6 млн доллар бөлүнөт (РКӨФ, “УК КТЖ”МИ).
- Логистикалык комплекс: Заманбап логистикалык парк куруу долбооруна $20 млн доллар жумшалат (РКӨФ, “Лоджик” ЖЧКсы).
- Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна $50 млн доллар өлчөмүндө жаңылануучу кредиттик линия бөлүү боюнча алкактык макулдашууга кол койду.
Аймактар аралык жана өнөктөштүк байланыштар (Пленардык жыйын):
Облустар аралык соода-экономикалык жана маданий кызматташтык:
- Нижегород облусу — Чүй жана Жалал-Абад облустары менен;
- Иркутск облусу — Ош облусу менен;
- Чуваш Республикасынын өкмөтү — Чүй облусу менен (Өз ара түшүнүшүү меморандуму).
Достук мамилелерди орнотуу (Боордош шаарлар):
- Нижний Новгород шаары — Бишкек шаары менен;
- Городец шаары — Токмок жана Кара-Көл шаарлары менен.