Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан–Пакистан бизнес форуму ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, форум эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрүн бириктирип, экономиканын негизги тармактарын камтыды. Анда банк сектору, туризм, айыл чарба, билим берүү, энергетика, маалыматтык технологиялар, соода, текстиль өнөр жайы, медицина жана фармацевтика, ошондой эле башка бир катар багыттар каралган.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырып, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн, инвестиция үчүн жакшыртылган шарттар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ал Кыргызстан келечектүү өнөктөш катары эл аралык инвесторлорго долбоорлорду гана эмес, ишенимге жана туруктуулукка негизделген узак мөөнөттүү кызматташтыкты да сунуштай турганын айтты.
Форум эки өлкөнүн компаниялары жана уюмдары үчүн маанилүү макулдашууларды түзүүгө өбөлгө болуп, инвестициялык жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталды. Ошондой эле иш-чара жаңы өнөктөштүктү орнотууга, тажрыйба алмашууга жана алгачкы кызматташуу меморандумдарына жол ачкан биргелешкен долбоорлорду талкуулоого мүмкүнчүлүктөрдү түздү.
Тараптар бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.