Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. "Кабар" агенттигинде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин колдоосу менен өтө турган профессионалдык бокс кечесине арналган басма сөз жыйыны өттү.
Жыйында Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов ата мекендик мушкерлерди эл аралык аренага чыгаруу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Шайлообек Атазов кыргыз боксу Олимпиада оюндарынан кийин жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, профессионалдык спорт жаш спортчулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.
"Биринчиден, акыркы жылдары өлкөбүздө спорт тармагы өзгөчө өнүгүп жатканын белгилей кетүү зарыл. Заманбап спорттук комплекстер курулуп, мамлекет тарабынан тиешелүү каражаттар бөлүнүүдө. Бокска токтоло турган болсок, Олимпиададагы күмүш медалдан кийин кыргыз боксу "жарк" дей түштү. Профессионалдык бокс — бул чоң шоу, ири бизнес жана өлкөнү дүйнөгө даңазалай турган зор мүмкүнчүлүк", — деди Атазов.
Анын айтымында, лига бул багытта чет өлкөлүк алдыңкы промоутерлер менен кызматташууну жана эл аралык деңгээлдеги тажрыйбалуу чемпиондор менен иш алып барууну пландап жатат. Ошондой эле ал өлкөдө бокс боюнча ишмердүүлүктү мыйзамдуу негизде жүргүзүү үчүн тиешелүү каттоо жана укуктук иш-чаралар толугу менен аяктаганын баса белгиледи.
"Биз эл аралык турнирлерди уюштуруу менен бирге Европа жана Америка өлкөлөрүнүн белгилүү промоутердук компаниялары менен келишимдерди түзүп жатабыз. Дүйнөлүк чемпиондордун тажрыйбасын өздөштүрүү аркылуу алдыга карай ишенимдүү кадам таштоодобуз", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Асел Исаматова