Кыргыз мушкерлери эл аралык мелдеште 2 коло медалга ээ болду

Спорт 17 Апрель 2025 12:08
491416939_18353452399196946_7780334670846682302_n.jpg
490066415_18353452369196946_7588608891381139619_n.jpg
Алдыга
Артка
491416939_18353452399196946_7780334670846682302_n.jpg
490066415_18353452369196946_7588608891381139619_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Улуу жибек жолу” эл аралык мелдешинде 2 коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Азейбайжандын Баку шаарында 11-15-апрель күндөрү өтүп, ага 9 мамлекеттен келген 175 мушкер катышты.

Алсак, 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу жана +92 кг чейинки салмакта Мырзакир Кошалиев коло медаль утту.

Улутук курам машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.