Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. 21-июлда Бишкекте өткөн кыргыз-монгол бизнес-форумунун алкагында тараптар Кыргыз-монгол ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны ушул жылдын сентябрь айында Монголияда өтөт.
“Кыргыз-монгол бизнес-форум ийгиликтүү өттү десем жаңылбайм. Мындан тышкары, форумдун алкагында Ишкерлер кеңешин түздүк. Бизнес-форумга катышкан ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алсак, өзгөчө Монголиядан келген ишкерлер айыл чарба жана IT тармагында кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Монголия тарапка биздин инвестиция жөнүндө мыйзамга ылайык шарттарды түзүп берип, салык жагынан бошотуулар да болот”,- деди Таалайбекова.
Мындан тышкары, ал бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча "Кыргызалтын" ААК менен Монголиянын борбордук банкынын, ошондой эле жүндү кайра иштетүү жана кийим өндүрүү боюнча эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда 2 келишимге кол коюлганын билдирди.