Кыргыз-монгол илгертен бири-бирине жакын эл болгон - Абдрахман Маматалиев

Пикир Загрузка... 21 Июль 2025 18:22
WhatsApp Image 2025-07-21 at 18.03.40.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Монголиянын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары өзүнө көптөгөн маселелерди камтыган өтө жемиштүү сапар болуп жатат. Аны тарыхый окуя деп да атасак болот. Мындай пикирди коомдук ишмер Абдрахман Маматалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

“Эгер тереңирээк карай турган болсок, эки эл миңдеген жылдар мурда эле бири-бирине абдан жакын эл болгон. Биздин мүнөзүбүз, жаратылышыбыз, тарыхыбыз, маданиятыбыз ал тургай башыбыздан өткөн окуялар жана кыйынчылыктарыбыз дагы окшош. Бир мезгилдерде бирге болсок, кээде чабыша кетчүбүз. Андан сырткары, чыгышта монгол менен япон элдери кыргызга эң жакын элдер деген сөз бар. Мен буга Японияга иш сапары менен барганда күбө болгом.

Буга чейин мындай мамлекеттик сапар боло элек болчу. Мындан улам биздин мындан аркы кызматташтыгыбыз сөзсүз түрдө өнүгөт деген терең ишеним бар. Монголия президентинин келиши, биздин президент менен маңдай-тескей жакшы маанайда отуруп сүйлөшүүсү, өтүп жаткан башка дагы жолугушуулар, кол коюлган документтер муну айгинелеп турат. Азыр меморандумдарга кол коюлуп жатса, жакын арада алар келишимге айланып, бара-бара кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлге көтөрүлөт.

Ал эми мунун башталышына эки жыл мурун президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө болгон мамлекеттик сапары, анын алкагындагы сүйлөшүүлөр, эки өлкө лидерлеринин тил табышуусу, бири-бирине болгон сый мамилеси түрткү болду деп ойлойм”-деди Маматалиев.