900 млн иен. Кыргызстан менен Япония кызматташтыкты кеңейтүүдө

Экономика 19 июнь 2025 13:20
res_d9fd11ee52a998e63e0e4299c488cdaf.jpg
res_5bb63494d2132126a548b542aaafa001.jpg
Алдыга
Артка
res_d9fd11ee52a998e63e0e4299c488cdaf.jpg
res_5bb63494d2132126a548b542aaafa001.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Финансы министрлигинде Кыргызстандын министрлер кабинети, Япония өкмөтү жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, документтер саламаттык сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталып, долбоорлордун суммасы 900 млн иенди түзөт.

Кол коюлган документтер төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (500 млн иен): медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап медициналык жабдууларды жеткирүү;
  • JDS стипендиялык программасы (399 млн иен): Япониянын жогорку окуу жайларынын магистратурасында жана докторантурасында КРнын 20 мамлекеттик кызматкерин окутуу;

Макулдашуулар Кыргызстан менен Япониянын туруктуу өнүгүүгө, адамдык потенциалды чыңдоого жана экономиканын негизги секторлорун  модернизациялоо багытындагы биргелешкен аракеттерин бекемдейт. Долбоорлорду ишке ашыруу 2025-жылдан башталат.