Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде координациялык кеңешме өткөрүлдү

Коом 1401 25 Январь 2025 18:15
IMG_1179.jpeg
IMG_1179.jpeg
IMG_1180.jpeg
IMG_1181.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1179.jpeg
IMG_1179.jpeg
IMG_1180.jpeg
IMG_1181.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМКнын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. 23-январда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жана УКМК кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, иш-чара Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен уюштурулуп, ага 150 адам, окутуучулар, кызматкерлер, студенттер, институттардын жана колледждердин директорлору, ошондой эле филиалдардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдүн алкагында коррупция менен күрөшүүгө багытталган чараларды түшүндүрүү болду. Тагыраагы, кызматкерлерге коррупциялык схемаларга аралашпоо тууралуу эскертүү берилди.

Иш-чаранын соңунда УКМК кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ар бир жаранда жоопкерчилик болуусу керектигин белгилешти. Ушундай эле иш-чаралар университеттин башка кампустарында да өткөрүлүп, билим берүү мекемелериндеги адилеттүүлүк жана ачыктык принциптерин бекемдөө талабы коюлганы айтылды.