Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында бүгүн эртең менен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:44тө катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышты көздөй 34 чакырым алыстыкта, Каракол шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 119 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.