Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. 10-марттан 24-мартка чейин Улуттук тарых музейинде Кытай сүрөтчүлөрүнүн “Жылкы” темасындагы сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган музейден билдиришти.
Анда белгиленгендей, 10-мартта көргөзмө ачылып, коноктор кытай сүрөтчүлөрү менен интерактивдүү жолугушууга катышып, алардын эмгектерин көрүп, авторлор менен баарлаша алышат.
Ошондой эле анда белгилүү кытай сүрөтчүлөрүнүн реалисттик жана экспрессивдүү стилде сыя менен тартылган 50гө жакын оригиналдуу эмгектери коюлат.
Көргөзмө Улуттук тарых музейи, Бишкектеги Кытай маданий борбору, Кытайдын эл аралык маданий жана туризм алмашуу борбору жана Пекин маданий инвестиция жана каржылоо ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.