“Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын аталышы “Ала-Тоо Резорт” болуп өзгөрдү

Коом 11 июнь 2025 16:19
“Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын аталышы “Ала-Тоо Резорт” болуп өзгөрдү

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын аталышы“Ала-Тоо Резорт” болуп өзгөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, “Ала-Тоо Резорт” ишканасын президенттин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрөт. Ошондой эле чечимдерди токтомго ылайык келтирет.

Мындан ары “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.