Кыргыз курсанттары Москвада өткөн аскердик олимпиадада байгелүү орундарды багындырды

Коом Загрузка... 04 Июнь 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлүк жогорку аскердик окуу жайларында билим алып жаткан курсанттары Россиянын борбору Москва шаарында өткөн жогорку окуу жайлар арасындагы олимпиадада жеңишке жетишти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-25-май күндөрү кыргыз курсанттары А.Ф. Можайский атындагы Аскердик-космостук академиясында «Аскердик камсыздоонун айрым түрлөрү жана тактикалык медицина» боюнча олимпиадага катышты.

Эки этаптын жыйынтыгында кыргызстандык курсанттар — Ж. Курманбаев, Т. Жолдошбек уулу, Б. Маматов, И. Сабатбеков, Ж. Нуркасымов жана С. Туратов — жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жана командалык ынтымакты көрсөтүшүп, мыкты жыйынтыктарга жетишти.

Академия ичиндеги радициалык, химиялык жана биологиялык
коргоо боюнча (коопсуз чөйрө) конкурсунан  1-орун, ал эми жогорку аскердик окуу жайлар арасындагы жалпы мелдеште — 3-орунга ээ болушту.

Олимпиаданын жыйынтыгында атайын факультеттин башчысы В. Мартынов курсанттарды активдүү катышуусу үчүн өзгөчө белгилеп, алардын кесипкөйлүгүн, жамаатчылдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун жогору баалады.