Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Күрөш боюнча улуттук курама командасы Чуваш Республикасынын Новочебоксарск шаарында өтүп жаткан II Дүйнөлүк күрөш оюндарына катышуу үчүн учуп кетти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 5-октябрда башталган мелдеш 12-октябрга чейин уланып, программага спорттун 17 түрү, анын ичинде кыргыз элинин салттуу спорту болгон кыргыз күрөшү киргизилген.
Кыргыз күрөшү боюнча мелдеш алты салмак категориясында өтүп, ага 20 өлкөдөн 100дөн ашуун балбан катышууда.
Кыргызстандын курама командасынын курамына төмөнкү спортчулар кирет:
- Толубай Шүкүров – 60 кг чейин;
- Арлен Эстебесов – 66 кг чейин;
- Назарбек Космосбек уулу – 72 кг чейин;
- Мыктыбек Өмүрзак уулу – 84 кг чейин;
- Азизхан Мусабек уулу – 90 кг чейин;
- Бактияр Мирлан уулу – 90 кг жогору.