Кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 09 Июнь 2025 11:33
504509799_18359936104196946_2564158999504154773_n.jpg
505123533_18359936086196946_2652456286901502195_n.jpg
504214720_18359936095196946_580633559174708268_n.jpg
504550002_18359936122196946_5524819045538473037_n.jpg
503609418_18359936077196946_9049406766352898992_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналган.

Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашты:
Эркектер: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
Кыз-келиндер: 66, 78, 90, +90 кг.