Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Сеул шаарындагы Lotte Concert Hall концерттик залында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 33 жылдыгына арналган "Colour of Asia" аттуу эл аралык концерт өттү.
ТИМден билдиришкендей, иш-чарага 2 миңден ашуун мекендештер жана коноктор катышты.
Концерт эки элдин достугунун, өз ара урматтоонун жана маданий байланыштарды чыңдоого болгон умтулуусунун жаркын символу болду. Концерт Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан, Seoul Foundation for Arts and Culture, ABC Corporation, CJS International Culture & Arts Association, Vino Worldwide Co., Ltd. жана Soreal Philharmonic Orchestra менен биргеликте уюштурулду.
Концерттин бай мазмунун Корея, Италия жана Монголиядан келген белгилүү тенорлор, сопрано аткаруучулар кооздоп, көрүүчүлөр кыргыз улуттук "Айпери" бий ансамбли менен комузчулар дуэтинин чыгармаларын жылуу кабыл алышты.
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова өз сөзүндө мындай маданий иш-чаралар элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи. Ошондой эле ал Элчилик тарабынан сунушталган бул иш-чараны колдогону үчүн өзгөчө ABC Corporation компаниясынын директору Ан Джу Ынга ыраазычылык билдирди.
Бул концерт музыка, салт жана маданий ар түрдүүлүктүн майрамы болуп, кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн жана байлыгын эл аралык аудиторияга көрсөтө алды.