Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бишкекте өткөн III Кыргызстан - Казакстан жаштар форумунда IT тармагы, жасалма интеллект, санарип технологияларды туура колдонуу жана алардын кемчиликтери, артыкчылыктары талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин,Жаштар саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айчүрөк Алымсейитова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, форум эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө, маалыматтык технологиялар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашууга багытталган.
“Белгилүү болгондой, III Кыргызстан - Казакстан жаштар форуму Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Бул форум эки өлкөнүн парламенттеринин төрагалары тарабынан негизделип, үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат.
Биринчи форум Казакстандын парламент башчысынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн. Андан кийинки экинчи форум Кыргызстандын президентинин Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөн. Ал эми үчүнчүсү кечээ, 20-августта өттү”,- деди Алымсейитова.
Калктын 35 пайызын жаштар түзгөндүктөн демилгелүү идеялар, жаңы ой-пикирлер көбүнчө жаштардын арасынан чыгаарын Жаштар саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси өз сөзүндө айтып өттү.
Эскерте кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырган бир катар иш-чаралар уюштурулууда.