Кыргыз-казак кызматташтыгында маданий иш-чаралар маанилүү ролду ойнойт - Балаева

Маданият Загрузка... 21 Август 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Кыргыз-казак кызматташтыгында маданий иш-чаралар маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Чокон Валихановдун 190 жылдыгына арналган “Чокон Валиханов:тарыхтын жарык жылдызы” даректүү тасмасынын бет ачарында Казакстандын маданият, маалымат министри Аида Балаева билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чаралар эки өлкө башчыларынын жогорку деңгээлдеги достук жана кызматташтык мамилесинин жемиши.

“Президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар жана маданий иш-чаралар өтөт. Бүгүнкү даректүү тасманын бет ачары дагы ошолордун бири. Тасма өтө мыкты тартылыптыр. Чокан Валихановдун тарыхты, этнографияны чагылдыруудагы, ошондой эле кыргыздын улуу “Манас” эпосун таанытуудагы орду чоң. Бул тасма кыргыз-казак бир туугандыгынын дагы бир далили болуп калды. Мындай эмгектер Чокан Валиханов менен эле токтобойт. Келечекте Мухтар Ауэзов сыяктуу улуу инсандар тууралуу да тартылат деген үмүттөмүн”— деди министр.