Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" фитосанитардык көзөмөл пункту иштей баштады

Коом Загрузка... 20 Июнь 2025 10:25
6066c5312072c.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Бүгүн, 20-июндан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Жол автожолу" фитосанитардык көзөмөл пунктунун иши кайра жанданды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле анын ачылышы өткөрмө бекеттериндеги кезектерди азайтып, айыл чарба продукциясынын агымын көбөйтүүгө жардам берет. Бул өз учурунда фитосанитардык көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Кошумча пункт карантиндик объектердин кирүүсүн жана таралышын азайтууга жардам берет, ал глобалдашуунун шарттарында жана транспорттук агымдардын көбөйүшүндө өзгөчө маанилүү.

Бул пунктту ачуу айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыздоо, көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттыруу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана товарларды убагында өткөрүп берүү менен кечиктирүүлөрдүн алдын алуу үчүн зарыл кадам болуп саналат.