Кыргыз-катар өнөктөштүгүн чыңдоо жана кеңейтүү маселеси талкууланды — Кабар

Кыргыз-катар өнөктөштүгүн чыңдоо жана кеңейтүү маселеси талкууланды

Саясат 25 июль 2025 14:45
IMG_8456.JPG
IMG_8452.JPG
Алдыга
Артка
IMG_8456.JPG
IMG_8452.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын кылдат талкуулашты. Соода жана инвестиция тармагында практикалык кызматташтыкты арттырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте министр Жээнбек Кулубаев Катар эмиринин 2023-жылы Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки тараптуу маселелерден тышкары аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого жана кеңейтүүгө эки тараптын умтулуусун ырасташты.