Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев быйылкы жылдын 17-ноябрында өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки меморандумдун кол коюлушун канааттануу менен белгиледи.
Жалпы дарыгердик практика борборунда жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бул документтер практикалык эки тараптуу кызматташуунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
Өз кезегинде, элчи Бирендер Сингх Ядав кыргыз тарапты 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун ийгиликтүү уюштурулушу менен, ошондой эле Бишкекте өтүп жаткан ири эл аралык иш-чаралар менен куттуктады.
Мындан тышкары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогорку баа берилди.
Тараптар ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, бул багытта 2025-жылдын 5–6-июнунда Нью-Делиде өткөн “Борбор Азия – Индия” Диалогу министрлеринин 4-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды өзгөчө белгилешти.
Мындан сырткары, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштурууга байланыштуу пикир алмашуу болду.