Кыргыз-герман бизнес-форуму эки өлкөнүн кызматташтыгына чоң салым кошо турган дагы бир маанилүү этап-Касымалиев

Коом Загрузка... 26 Август 2025 12:18
WhatsApp Image 2025-08-26 at 12.08.01.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.08.2025. /Кабар/. Кыргыз-герман бизнес-форуму эки өлкөнүн кызматташтыгына чоң салым кошо турган дагы бир маанилүү этап. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган форумда билдирди.

Анын айтымында, 30 жыл ичиндеги кызматташтыкта Германия Кыргызстанга жалпы суммасы 400 миллион еврого жеткен жардам көрсөткөн. Бул жардам өлкөнүн бардык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган.

“Бул үчүн Германия тарапка терең ыраазычылык билдиребиз. Акыркы үч жылда Кыргызстан бардык тармакта олуттуу өзгөрүүлөргө жетишти. Биз ар бир инвесторго өзгөчө мамиле жасап, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөбүз. Салык системасы да инвесторлор үчүн жеңилдетилип, ылайыкташтырылууда. Айыл чарба тармагы Кыргызстандын экономикалык артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тармакта биргелешкен чоң долбоорлорду ишке ашырууга чоң потенциал бар. Кыргызстандын уникалдуу климаты ар кандай жемиштерди өстүрүүгө шарт түзөт. Ал эми экологиялык жактан таза айыл чарба продукциялары Европада, өзгөчө Германияда, жогорку суроо-талапка ээ. Мал чарба дагы биздин артыкчылыктуу тармагыбыз. Бул багытта кызматташуу гана эмес, таза жана коопсуз продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүгү да чоң.

Энергетика жана жашыл экономика жаатында Кыргызстан соңку жылдары активдүү өнүгүү жолунда. Күн жана шамал энергетикасы сыяктуу альтернативдүү булактар колдонулуп, бул багытта да кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Туризм — дагы бир келечектүү тармак. Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүүдө. Биз Германиядан келген конокторубуз өздөрү үчүн Кыргызстанды ачышын каалайбыз.

Ишенимдүү өнөктөштүк аркылуу Кыргызстан менен Германия алдыдагы кыйынчылыктарды биргеликте жеңип, туруктуу өнүгүүгө салым кошот деп ишенебиз. Форум эки тарап үчүн жемиштүү болсун”,-деди ал.