Кыргыз форелин брендге айлантып, экспортту кеңейтүү зарылдыгы айтылды

Аймак Загрузка... 30 Март 2026 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы “Премиум” жана “Пура” балык чарбаларына барып, тармактын учурдагы абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ата мекендик балык тоютунун сапатын, анын балыктын өсүү темпине жана адаптациясына тийгизген таасирин баалоо болду. “Тянь-Шань форель” компаниясы тарабынан өндүрүлгөн тоюттун курамында жергиликтүү чийки заттар колдонулуп, синтетикалык кошулмалар кошулбаганы белгиленди. Натыйжада, айрым көрсөткүчтөр боюнча бул тоют европалык аналогдордон да жогору эффективдүүлүктү көрсөтүп жатканы айтылды.

Эрлист Акунбеков ишкерлер менен жолугуп, ата мекендик өндүрүштү колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Анда кыргыз форелин брендге айлантуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тармакты туруктуу өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле бааларды туруктуу кармоо, импортко көз карандылыкты азайтуу жана өндүрүштү локалдаштыруу керектигин белгиледи.

Ал эми ишкерлер тарабынан жер салыгын жеңилдетүү, экспортко чыгуудагы тоскоолдуктарды жоюу, лабораториялык базаны өнүктүрүү жана стандартташтыруу маселелери көтөрүлдү. Министр тиешелүү мамлекеттик органдарга бул багыттар боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, чечимдерди кабыл алуу тапшырмасын берди.