Кыргыз фондулук биржасында каржы рыногун санариптештирүү талкууланууда

Экономика Загрузка... 16 Июль 2026 15:40
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Бишкекте "Кыргыз фондулук биржасынын уюштурулган рынокторун өнүктүрүү: фондулук рынок, акча рыногу, товардык рынок жана баалуу металлдар рыногу" деген темада тегерек стол өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз фондулук биржасы тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын, камсыздандыруу жана брокердик компаниялардын, ошондой эле экспорт-импорт тармагында иштеген ишканалардын өкүлдөрү катышууда.

Анда депозиттик аукциондордун санариптик платформасын өнүктүрүү, бизнес жана инвесторлор үчүн фондулук рыноктун жаңы мүмкүнчүлүктөрү, жаңы мыйзамдардын алкагында биржалык товар соодасын өркүндөтүү, баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана заманбап санариптик инвестициялык инструменттерди киргизүү келечеги талкууланууда.

Тегерек столду ачып жатып, Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору Аида Чодулова өлкө экономикасын андан ары өнүктүрүү үчүн биржалык инфраструктураны модернизациялоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында уюштурулган рынокторду өнүктүрүүгө, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана каржы рыногунун катышуучулары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу күтүлүүдө.