Ташкент, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук "Манас" театрынын чыгармачыл жамааты Фергана облусунун Маргилан шаарында өткөн «Улуу Жибек жолу» эл аралык маком фестивалына катышып, кыргыз элдик чыгармаларынан шедеврлерди тартуулады. Бул тууралуу Фергана облусунун хокимияты кабарлады.
Фестивалдын негизги максаты – элдик оозеки чыгармачылыктын баалуу үлгүлөрүн жайылтуу, сактап калуу жана өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык достукту чыңдоо. Маком жана фольклордук ансамблдердин чыгышы фестивалга өзгөчө салтанат кошуп, «Аския майрамы» көрүүчүлөргө кубаныч тартуулады.
Кыргызстандык устаттар Мариям Тобокелова, Улукбек Токтоболот уулу жана Жылдыз Исмаилбекова дастан менен элдик ырлардан үзүндүлөрдү аткарышты. Айрыкча Улукбек Токтоболот уулунун аткаруусундагы «Гүлгаакы» ыры көрүүчүлөрдүн зор кол чабуусуна ээ болду.
Фестивалга Өзбекстан менен катар Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядан да чыгармачыл топтор катышып, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бардык катышуучулар ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.