Жылдан-жылга Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларга суроо-талап өсүүдө. Ага жараша чет өлкөгө болгон экспорттун көлөмү жогорулап жатат. Экспорттун кеңейиши жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана өлкө экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болууда.
"Кабар" агенттиги "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев менен экспорттун көрсөткүчтөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маектешти.

— Кыргызстандан акыркы жылдары чет өлкөлөргө чыккан экспорттун көрсөткүчтөрү кандай болууда?
— Акыркы жылдары Кыргызстандын экспорттук көрсөткүчтөрү туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Эгерде 2020-жылы экспорттун көлөмү 1,96 млрд АКШ долларын түзсө, 2021-жылы бул көрсөткүч бир аз төмөндөп, 1,65 млрд долларды түзгөн. Бул төмөндөө пандемиянын жана логистикалык чектөөлөрдүн таасири менен түшүндүрүлөт. Бирок 2022-жылдан тарта экспорттун көлөмү кескин өсүп, 2,25 млрд долларга жеткен. 2023-жылы өсүү дагы уланып, 3,38 млрд долларды түзгөн. Ал эми 2024-жылы экспорттун көлөмү 5,1 млрд долларга жетип, акыркы жылдардагы эң жогорку деңгээлди көрсөттү. Жалпысынан алганда, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын экспорттук потенциалы кеңейип, тышкы рыноктордо активдүүлүк жогорулаганы байкалууда.
— Кыргызстандан көбүнесе кандай товарлар экспорттолот?
— Кыргызстандын экспорттук түзүмүндө негизги орунду салттуу түрдө чийки заттар ээлеп келет. Өзгөчө алтын экспорттун эң ири бөлүгүн түзөт. Мисалы, 2024-жылы алтын экспортунун көлөмү 2,5 млрд доллардан ашкан. Ошол эле учурда акыркы жылдары кайра иштетилген жана кошумча наркы жогору болгон продукциялардын үлүшү акырындык менен өсүүдө. Алардын катарына кийим-кече, буурчак өсүмдүктөрү, тоңдурулган жана кургатылган жемиштер, желим жана металл буюмдары, унаа тетиктери жана жабдуулар кирет. Бул тенденция өлкөдө кайра иштетүү секторунун өнүгүп жана экспорттун көлөмүнүн өсүп жатканын көрсөтөт.

Ошондой эле айыл чарба продукциялары, анын ичинде буурчак жана жемиштер тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болуп бара жатат. Жыл башында Еврокомиссия кыргыз балын экспорттоо планын колдоп, аны Евробиримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген техникалык регламенттин атайын тизмесине кошту. Бул чечим Кыргызстандын улуттук көзөмөлдөө жана сертификациялоо системасы Евробиримдиктин талаптарына шайкеш экенин тастыктайт. Натыйжада кыргыз балын өндүрүүчүлөр үчүн жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөр ачылып, ата мекендик продукциянын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

— Чийки зат жана даяр продукциялардын экспортунун айырмасы кандай?
— 2024-жылдын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын экспортунда чийки заттардын үлүшү болжол менен 270 млн АКШ долларын түзсө, даяр продукциялардын көлөмү 150 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн экспортунда дагы эле чийки ресурстарга көз карандылык бар экендигин айгинелейт. Бирок даяр продукциялардын көлөмүнүн өсүшү оң тенденция катары бааланат. Анткени дал ушул кайра иштетилген товарлар экономиканын туруктуулугун камсыздап, кошумча наркты көбөйтөт, жаңы жумуш орундарын түзөт жана экспорттун сапатын жакшыртат.

— Кайсы өлкөлөргө продукция көп чыгууда?
— Кыргызстандын негизги экспорттук өнөктөштөрү болуп жакынкы жана аймактык рыноктор саналат. 2025-жылдын маалыматтары боюнча негизги экспорт багыттары төмөнкүлөр:
- Россия — 653 млн доллар;
- Казакстан — 453 млн доллар;
- Өзбекстан — 405 млн доллар;
- Кытай — 152 млн доллар;
- БАЭ — 123 млн доллар;
- Түркия — 76 млн доллар.
Ошондой эле Беларусь, Иран, Афганистан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө да продукциялар экспорттолот. Бул Кыргызстандын экспорту негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана коңшу мамлекеттерге багытталганын көрсөтөт. Ошол эле учурда Жакынкы Чыгыш жана башка жаңы рынокторго чыгуу аракеттери да күч алууда.
— "Кыргыз Экспорт" борбору ишкерлерге кандай колдоо көрсөтүүдө?
— Биздин борбор ишкерлер үчүн рынокторду изилдеп, экспортко чыгууга жол көрсөтөт. Бул алардын кайсы өлкөдө кандай товарга суроо-талап бар экенин түшүнүүсүнө жардам берет. Мындан тышкары, окутуу программаларына ылайык, экспортко даярдык, электрондук коммерция жана маркетплейстер менен иштөө (мисалы, "Wildberries") боюнча тренингдер өткөрүлөт.
Ошол эле маалда Европа биримдигинин REX реестрине каттоо, азык-түлүк продукцияларын экспорттоого байланыштуу талаптарды аткарууда мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлөт. Жалпысынан борбор ишкерлерди экспорттук процесстин бардык этаптарында коштоп, алардын эл аралык рынокторго чыгышына көмөктөшөт.

— Ишкерлер көбүнчө кандай продукцияны чыгарууга басым жасашууда?
— Акыркы жылдары ишкерлер негизинен кайра иштетилген продукцияларга басым жасай башташты. Айрыкча эт жана сүт азыктары, тоңдурулган жана кургатылган жемиштер, жеңил өнөр жай продукциялары көп көлөмдө чыгарылууда. Бул багыттар экспорттун сапатын жакшыртып, кошумча наркты жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тенденциясы жакшы нукта баратат.
— "Кыргыз Экспорт" борбору чет өлкөлөр менен кандай иштерди жүргүзүүдө?
— Борбор эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө. Атап айтсак, ондогон эл аралык көргөзмө жана жарманкелерге катышууда. Чет өлкөлөрдөгү элчиликтер жана соода-өнөр жай палаталары менен биргеликте жолугушуулар уюштурулууда. Бул ишкерлерге өнөктөш таап, түз байланыштарды түзүүгө жардам берет. Ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташтык кеңейтилип жатат. Бул аракеттер кыргыз продукциясын чет өлкөлүк рыноктордо таанытууну жана экспорт көлөмүн көбөйтүү максатын көздөйт.

Кыргызстандын экспорттук стратегиясы акырындык менен өзгөрүүдө. Бүгүнкү күндө негизги максат — жөн гана товар сатуу эмес, сапаттуу жана эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны экспорттоо болуп саналат. Бул үчүн эл аралык сертификаттарды алуу, продукциянын сапатын жогорулатуу жана санариптик соода платформаларын колдонуу маанилүү. Мындай ыкма өлкөнүн дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.