“Кыргыз экспорт” бир жылда 550 млн сомго келишимдерди түзүүгө жардам берди

Экономика Загрузка... 16 Апрель 2025 17:36
WhatsApp Image 2025-04-16 at 12.56.52.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. “Кыргыз экспорт” мамлекеттик мекемеси бир жылдын ичинде 550 млн сомго экспорттук келишимдерди түзүүгө жардам берди. Бул тууралуу "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Тилек Жумалиев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, мекеменин иш-чараларына 500дөн ашык компаниялар катышып, азык-түлүк, эт, сүт азыктарын, кургатылган жер-жемиштерди даярдоо, жеңил өнөр жай тармактарында иштеген компанияларга жардамдар берилген.

“Кыргызстанда буга чейин экспорт боюнча борбор болгон эмес. Өлкөдөгү экспорттоочулардын жана өндүрүүчүлөрдүн талаптарына ылайык, 2024-жылдын февраль айында борбор түзүлгөн. Быйыл биз 20дан ашык эл аралык көргөзмөлөрдү пландап жатабыз. Ушул жылдын 24-апрелинде Анкара шаарында ири соодалык миссияны өткөрүү алдында турабыз. Анкарада соода өкүлчүлүк бар. Ага Кыргызстандан ондон ашык компанияларды алып барабыз. Алар эт жана бал азыктарын чыгарган, кургатылган жемиштерди даярдаган компаниялар, өнөр жай тармагында иштегендер”,- деди мекеменин директорунун орун басары.

Тилек Жумалиев кошумчалагандай, бул иш-чарада кыргызстандык ишкерлер үчүн чет өлкөлөргө өндүргөн продукцияларын экспорттоого, сатууга жана кызматташуу боюнча келишим тузүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.