Кыргыз драма театры жаңы сезонун "Төлгө" спектакли менен ачты

Маданият Загрузка... 02 Октябрь 2025 11:47
253780.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 99-сезонун ачты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жаңы театралдык сезон Жалил Садыковдун калемине таандык "Төлгө" спектакли менен ачылды.

Бул сезондун ачылышына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

"Төлгө" спектаклиндеги Семетейдин ролун Өмүрбек Израилов аткарды, Каныкей – КР Эл артисти Калича Сейдалиева, Чыйырды – КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каныметова, Олуя Бакайды КР Эл артисти Нуркан Турсунбаев ойносо, көрүүчүлөргө Кыргыл чалдын образын КР Эмгек сиңирген артисти Тилек Жумагазиев жеткирди. Спектаклде мындан башка да каармандардын образдарын өз кесибинин мыктылары аткарды.