Кыргыз драма театры театралдык сезонун “Акыркы кат” спектакли менен жабууда

Маданият Загрузка... 26 Июнь 2025 21:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 26.06.25 /Кабар/. Бүгүн, 26-июнда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 98-театралдык сезонун “Акыркы кат” спектакли менен жабууда.

Иш-чарага президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият өкүлдөрү жана театр күйөрмандары катышууда.

Спектаклдин премьерасы үстүбүздөгү жылдын март айында болгон.

Анда Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөн тартып элибиздин келечеги үчүн жан үрөгөн улуу инсандардын, алардын бири көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эрдиги, жубайы Нагима Айтматованын башынан өткөн оор тагдыр, алардын уулу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бала чагы берилет.

Төрөкул Айтматовдун ролун Жеңишбек Сманов, Нагима Айтматованын улгайган кезин Кыргыз эл артисти Гүлайым Каниметова, ал эми жаш кезиндеги ролун Гүлнара Сатарова аткарууда.

Чыгарма драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык. Режиссеру – Уланмырза Карыпбаев. Сүрөтчүсү – Садыр Ниязакунов.