КР делегациясы Кошулбоо кыймылынын министрлер жыйынына катышты — Кабар

КР делегациясы Кошулбоо кыймылынын министрлер жыйынына катышты

Саясат 17 октябрь 2025 13:15
6021548745063255142.jpg
6021548745063255144.jpg
6021548745063255143.jpg
6021548745063255140.jpg
6021548745063255139.jpg
Gemini_Generated_Image_863tp1863tp1863t.png
Алдыга
Артка
6021548745063255142.jpg
6021548745063255144.jpg
6021548745063255143.jpg
6021548745063255140.jpg
6021548745063255139.jpg
Gemini_Generated_Image_863tp1863tp1863t.png
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев башында турган кыргыз делегациясы 15-16-октябрда Уганданын Кампала шаарында өткөн Кошулбоо кыймылынын министрлер жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара "Жалпы дүйнөлүк өнүгүү үчүн кызматташууну тереңдетүү" аталышындагы темада өтүп, учурдагы геосаясий кырдаалды талкуулоо, ошондой эле тышкы саясат, туруктуу өнүгүү жана эл аралык коопсуздук тармагында Кошулбоо кыймылынын мүчө мамлекеттери менен ишенимди жана өз ара кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.

Кошулбоо кыймылынын курамына дүйнөнүн 120 мамлекетинин мүчө болушу, аталган конференциянын эл аралык коомчулук үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин көрсөтөт.

Форумдун алкагында бир катар Африка жана Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен жолугушуулар өтүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.