Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери, “Ала Тоо” адабий жана “Байчечекей” балдар журналы жайгашкан имараттын капиталдык оңдоо иштери башталды.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, бул жай 1931-жылы курулуп, ишке берилген.
“Көп убакыттан бери эскилиги жетип, эч кандай ремонт көргөн эмес. Учурдагы абалы – адам чыдап иштегис эле. Бул маселеге президент көңүл буруп, капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталды. Бүтсө, заман талабына ылайык шарттар түзүлөт”, - деди ал.