Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Бишкекте "Европа биримдигинин бал рыногуна чыгуу: бал жана аарычылык продукцияларын экспорттоо стратегиялары" аттуу семинар өтүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, семинар Европа биримдигинин Техникалык жардам жана маалымат алмашуу (TAIEX) программасынын алкагында уюштурулууда.
Иш-чара Европа биримдигинин техникалык жардамынын алкагында уюштурулуп, Кыргызстандагы аарычылык продукцияларын биримдиктин рынокторуна экспорттоону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
Ошондой эле семинардын негизги максаты — улуттук компетенттүү органдардын жана экспорттоочулардын ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды сактоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо.
Семинарга Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын бал экспорттоочулары катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Европа биримдигинин адистери экспорттук жөнгө салуу, продукциянын коопсуздугу жана сапаты боюнча талаптар, ошондой эле сертификация жана келип чыгышын көзөмөлдөө тармагындагы мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
Бул семинар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, улуттук аарычылык продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн эл аралык рынокторго жеткилигин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.