Кыргызстандын балы көп жылдардан бери сапаты, табигыйлыгы жана өзгөчө даамы менен дүйнөлүк рынокто барган сайын таанылып, өлкөнүн өзүнчө бренди болуп калыптанууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Аарычылык палатасынын төрагасы Султанбек Аббасов билдирип, тармактагы жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, кыргыз балы негизинен өзүнүн нукура тазалыгы, өзгөчө даамы жана жыпар жыты менен айырмаланып турат. Мындан тышкары, ал адам организми үчүн пайдалуу ар кандай микроэлементтерге бай келет. Ошондой эле сапаты жагынан эл аралык стандарттарга толук жооп берет.

“Жалпысынан кыргыз балы эки негизги түргө бөлүнөт - ак бал жана тоо балы. Ак бал рынокто өзгөчө жогору бааланат. Ал эл аралык деңгээлдеги Апимондия конгрессинде бир нече ирет алдыңкы орундарды ээлеп, алтын медалдарды жеңип келген. Мындан тышкары, ак бал гипоаллергендүү келип, көпчүлүк адамдар үчүн коопсуз жана пайдалуу азык болуп саналат.
Ал эми тоо балына Германияда лабораториялык анализ жүргүзүлүп, курамында калийдин көп экенин көрсөткөн. Ал жүрөккө өтө пайдалуу. Тоо балынын түсү кызылдан тартып кочкул кызылга чейин өзгөрүп, өзгөчө касиетке ээ.
Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрү да балдын сапатына түздөн-түз таасир этет. Борбор Азиядагы эң бийик жайгашкан өлкөлөрдүн бири катары, тоолордогу өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү жана таза аба аарылар чогулткан нектардын сапатын жогорулатат. Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашуун бал өндүрүлүп, анын 600 тоннадан ашууну экспорттолгон. Кыргыз балы негизинен 30га жакын өлкөгө экспорттолуп келет. Эң көп Өзбекстанга жиберилет”,-деди ал.

Аббасов белгилегендей, бүгүнкү күндө Аарычылык палатасына кооперативдер, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, 7 облустан бирикмелер жана 3,5 миңге жакын аарычы мүчө болуп кирген. Андан сырткары балды кайра иштеткен агрегаттар дагы бар.
“Палата тарабынан аарычыларга окутуу жана маалымат берүү иштери да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мисалы, өткөн жылы 10 аарычы Словения, Италия, Германия жана Австрия өлкөлөрүндө тажрыйба алмашып келишкен. Ошондой эле балды кайра иштеткен 5 компания Швейцарияда өткөн эл аралык иш-чарага катышып, 190 өлкөнүн өкүлдөрүнө кыргыз балын тааныштырып келишти.
Мындан тышкары, 2024-жылы өлкөнүн 44 районунан 165 аарычы катышкан чоң курултай өтүп, тармактын келечеги, көйгөйлөрү жана иш пландары талкууланды. Ошондой эле “ApiMount.KG” аттуу жаңы бренд түзүлүп, бүгүнкү күндө палатанын мүчөлөрү дал ушул бренд алдында иш алып барышууда”,-деди төрага.

Анын айтымында, акыркы жылдары тармакты өнүктүрүү багытында мыйзамдык база да бекемделди. 2025-жылы аарычылык расмий түрдө мыйзам талаасына киргизилип, тиешелүү жобо кабыл алынды. Ошондой эле аарычыларга жеңилдетилген насыя берүү механизмдери ишке кирип, кластердик негизде 5 миллион сомго чейин каражат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Аарычылык палатасы чет өлкөлүк ассоциациялар жана союздар менен тыгыз кызматташып келет. Бүгүнкү күндө кыргыз балы сапатынын жогору болушу менен айырмаланып, кыйла жерге “Кыргызстандын балы” деген аталыш менен таанылып калды. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө мындай деңгээлде бренд калыптана элек.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматтарына ылайык, 2025-жылы төмөндөгүдөй көлөмдө бал экспортко чыгарылган:
- Өзбекстан — 303,6 тонна;
- Кытай — 102 тонна;
- Бириккен Араб эмираттары — 45 тонна;
- Япония — 24,4 тонна;
- Корея — 31,9 тонна;
- Америка Кошмо Штаттары — 15,2 тонна;
- Малайзия — 6,8 тонна;
- Россия — 5,6 тонна;
- Бахрейн - 4,7 тонна.

Январь айынын аягында Европа комиссиясы кыргыз балын Евробиримдикке экспорттоого уруксат берип, аны расмий импорт тизмесине киргизди. Ал эми бул Кыргызстандын сапатты көзөмөлдөө жана сертификациялоо системасы Евробиримдиктин талаптарына жооп берерин тастыктап, кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рыноктук мүмкүнчүлүктөрүн ачат.