Кыргызстан менен Беларусь биргелешип трансформатор чыгарат – энергетика министри

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-06-05 at 17.11.37.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Кыргызстан Беларусь менен биргелешип трансформаторлорду чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын жолугушуусунда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан аталган продукцияны Беларусь тараптан сатып алып келет. Бирок мындан ары бул багытта кызматташтыкты кеңейтүү максат кылынууда.

“Беларусь өлкөсү менен трансформаторлорду өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буга чейин биз аларды сатып алып келсек, эми Минск трансформатор заводу менен биргелешип чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууда”, - деди министр.

Ибраев белгилегендей, долбоор ишке ашса, өлкөдө ар кандай типтеги трансформаторлорду энергетика тармагында да, бизнес секторунда да колдонууга шарт түзүлөт.

“Энергетикалык жабдуулардын жеткиликтүүлүгү жогорулайт. Өндүрүш жолго коюлса, логистика жеңилдеп, баа арзандап, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Ошондой эле эски жабдууларды жаңыртууга да шарт түзүлөт”, - деп кошумчалады ал.