Кыргыз балы Кытай рыногуна чыгууда: 60 тоннага келишим түзүлдү

Экономика 10 ноябрь 2025 16:18
575637351_17918092911195686_5176596947256717239_n.jpg
576634634_17918092920195686_6137299603373298845_n.jpg
Алдыга
Артка
575637351_17918092911195686_5176596947256717239_n.jpg
576634634_17918092920195686_6137299603373298845_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргыз экспорт" борбору

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Кыргызстандан Кытайга 60 тонна табигый бал жеткирүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду. Бул тууралуу "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришти.

Келишим кыргызстандык Dary Tyan-Shanya LTD компаниясы менен кытайлык Wuhan Yangluo Port Service Co., Ltd. компаниясынын ортосунда түзүлдү.

Келишим түзүү Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, Экономика жана соода министрлигинин Кытайдагы өкүлчүлүгүнүн жана "Кыргыз экспорт" борборунун колдоосунун аркасында мүмкүн болгон.

Келишимге ылайык, кыргыз тарап Кытайга экологиялык жактан таза чийки заттан өндүрүлгөн 60 тонна табигый бал жеткирет. Продукция улуттук жана эл аралык сапат стандарттарына жооп берет жана Кыргызстандын айыл чарба секторунун негизги экспорттук товарларынын бири болуп саналат.

Бул келишим Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууда жана Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Келишимди ишке ашыруу кыргыз өндүрүүчүлөрүнө экспорт географиясын кеңейтүүгө жана өлкөнүн табигый, экологиялык жактан таза продукцияны ишенимдүү жеткирүүчү катары позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.