Кыргыз балбандары дүйнөлүк улуттук оюндарда байгелүү орундарды ээледи

Спорт 13 Октябрь 2025 10:59
558971523_827409879632231_643635433684399793_n.jpg
558985432_827409892965563_7245026760457608580_n.jpg
559843931_827409922965560_5433890091664661731_n.jpg
560057253_827409839632235_4493912652756334875_n.jpg
560544401_827409969632222_5481059416528879242_n.jpg
560634802_827409956298890_252000651756111368_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Кыргыз балбандары дүйнөлүк улуттук оюндарда байгелүү орундардын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар 5-12-октябрь күндөрү Россиянын Чуваш Республикасынын Чебоксары шаарында өттү. Ага Кыргызстандын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасы экинчи ирет катышты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасы төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:

  • Толубай Шүкүров - 60 кг салмак категориясында 1-орун;
  • Арлен Эстебесов - 66 кг салмак категориясында 1-орун;
  • Назарбек Космосбек уулу - 72 кг салмак категориясында 2-орун;
  • Мыктыбек Омурзак уулу - 84 кг салмак категориясында 1-орун;
  • Азизхан Мусабек уулу - 90 кг салмак категориясында 1-орун;
  • Бактияр Мирлан уулу - +90 кг салмак категориясында 1-орунду ээледи.