Кыргыз-азербайжан соода байланыштарын кеңейтүү чаралары талкууланды

Экономика Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Азербайжандын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча соода өкүлү Самед Гасанов менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Баку шаарында өткөн Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныкташты.

Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, ошондой эле Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү маселелерине көңүл бурулду.