Жарандык авиация — кайсы гана мамлекет болбосун, анын экономикалык туруктуулугун, туристтик потенциалын жана эл аралык байланыштарын чыңдоочу негизги стратегиялык тармактардын бири. Тоолуу рельефке ээ, деңизге чыга албаган Кыргызстан үчүн аба каттамдары дүйнө менен байланыштырган эң маанилүү жана ыкчам жол. Акыркы жылдары өлкөнүн жарандык авиация тармагы жаңылануунун жана өнүгүүнүн ишенимдүү кадамдарын жасоодо.

Авиапарк: эскиден жаңыга кадам
Көп жылдар бою Кыргызстандын авиация тармагындагы эң чоң көйгөй — техникалык жактан эскирген учактар жана улуттук авиапарктын чакандыгы болуп келген. Бул жагдай ата мекендик авиакомпаниялардын эл аралык деңгээлде атаандашууга мүмкүнчүлүгүн чектеп, Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгууга тоскоолдук жараткан.
Бирок, акыркы мезгилде абалды түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган олуттуу кадамдар жасалып, Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды. Мамлекеттик деңгээлде авиапаркты жаңылоо процесси активдүү жүрүп, заманбап Airbus А321 учактарын сатып алуу, жасалма интеллект технологияларын жана Борбор Азияда теңдеши жок жүктөрдү тейлөөнүн автоматташтырылган тутумун киргизүү иштери жүрүүдө.
“Кабар” агенттигине "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынан билдиришкендей, “Асман Эйрлайнс” ички авиакаттамдар рыногунда өз позициясын бекемдөөнү улантууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча авиакомпания 350 миң жүргүнчүнү тейлеп, 2 500 каттам аткарган.

"Каржылык көрсөткүчтөр өсүштү көрсөтүп, кирешелер пландаштырылган көрсөткүчтөрдөн ашты. Өнүгүү стратегиясынын алкагында Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учакты сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул авиапарктын масштабдуу жаңылануусунун жана кеңейишинин биринчи этабы болуп саналат. Жакынкы 5 жыл ичинде ушул типтеги дагы 8 учак алуу пландалууда. Бул жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып, эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө авиакомпания өлкөдөгү бардык 11 аэропортко ийгиликтүү каттамдарды аткарууда. Авиапаркта 3 Dash Q400 учагы бар жана жакын арада дагы бир ушундай борт келери күтүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.
Инфраструктураны өнүктүрүү
Авиациянын өнүгүшүн бир гана учактар менен өлчөөгө болбойт. Бул жерде аэробекет комплексинин жана аэропорттордун абалы чоң мааниге ээ. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү негизги аба дарбазасы болгон "Манас" эл аралык аэропортунда ири реконструкция иштери жүрүп, Ош, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда жаңы аэробекеттер курулууда. Ал эми “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушун 2027-жылы аяктоо пландалууда. Калган бардык аймактык аэропорттордо курулуш, капиталдык оңдоо иштери аяктаган.

Белгилүү болгондой, “Манас” эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин башкы кире бериши масштабдуу реконструкциядан кийин ачылды. Бардык курулуш иштери аяктагандан кийин аэровокзал комплексинин жалпы аянты 60 миң чарчы метрге чейин кеңейтилет. Ошондой эле терминал менен ыңгайлуу жабык асма өтмөк аркылуу туташкан заманбап көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Мында “Манас” аба майданы эл аралык стандарттарга жооп берген, жүргүнчүлөр үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылган заманбап эл аралык аэропортко айланат.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдиргендей, аталган иштердин бардыгы насыяларды же сырткы инвестицияларды тартпастан, "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Анткени, тармакты өнүктүрүү менен тармактын кирешеси да өсүүдө. Эгерде 2018-2019-жылдары ишкананын кирешеси 2 млрд сомго чейин болсо, учурда "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын таза кирешеси рекорддук 6 млрд сомго жеткен.

Кадрларды даярдоо жана коопсуздук
Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүдө кадр маселесин айтпай кетүүгө болбойт. Инфраструктураны жаңылоо же жаңы учактарды сатып алуу канчалык маанилүү болсо, аларды башкарган жана тейлеген кесипкөй адистерсиз тармак толук кандуу иштей албайт. 50 жылдан бери адистерди даярдаган И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту бүгүнкү күндө эл аралык стандарттарга толугу менен шайкеш келүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Учурда өлкөнүн авиация тармагында иштеп жаткан адистердин 60%дан ашыгын так ушул институтуттун бүтүрүүчүлөрү түзөөрүн "Кабар" агенттигине И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Курманов билдирди.

"Биздин окуу жай бир жыл мурун өзгөчө статуска ээ болуп, коммерциялык долбоорлорду түз ишке ашырып, тапкан каражатын өзүнүн өнүгүүсүнө багыттай алат. Студенттердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуучу окуу-практикалык жаңы лаборатория ачып, ага болжол менен 10 миллион сомдук заманбап жабдууларды, машыгуу каражаттарын жана атайын авиациялык стенддердин сатып алдык. Бүгүнкү күндө жарандык авиацияда болуп жаткан жаңылануулар жана реформалар - бул тармакты жеке көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаровдун саясатынынын натыйжасы. Тармакта көп жылдар бою иштеп, ондогон жылдар бою чечилбей келген маселелер акыркы 3-4 жылда кандайча жөнгө салынганына күбө болдук", - деди Курманов.

Ушундай көлөмдүү иштердин катарында тармактагы айрым бир мүчүлүштүктөрдүн катталышы өкүндүрбөй койбойт. Маселен, “Манас” эл аралык аэропортунда “Tez Jet” авиакомпаниясынын учагы менен байланышкан окуя коомчулукта суроолорду жаратпай койгон жок. Бирок, “Көч бара-бара түзүлөт” демекчи бул окуя авиация тармагында жүрүп жаткан жалпы өнүгүү процесстерин жана жетишкендиктерди жокко чыгара албайт. Тескерисинче аны жакшыртууга жана кемчиликтерди жоюуга багыт берет. Бул көрүнүштү коопсуздук талаптарын күчөтүүгө жана тармакты дагы жакшыртууга түрткү берген фактор катары кароого болот. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын жана аба кыймылынын коопсуздугу өзгөрүлгүс артыкчылык экенин белгилейт.