Кыргыз авиациясындагы жаңы дем: жаңырган аэропорт, учактар жана "кара тизмеден" чыгуу аракети

Коом Загрузка... 04 Сентябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан акыркы жылдары транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен бирге авиация тармагын жаңылоого өзгөчө басым жасоодо. Эгемендүүлүк жылдарында алгачкы ирет учак сатып алуу менен авиа паркты кеңейтүү, жаңы аба каттамдарын ачуу жана аэропортторду заманбап талаптарга ылайыкташтыруу иштери кызуу жүрүүдө.

Бүгүн "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому өз каражатынын эсебинен Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына сатып алган үчүнчү Dash 8 Q400 учагы Кыргызстанга келди.

Белгилүү болгондой, биринчи жолу 2024-жылдын сентябрында Asman Airlines авиакомпаниясына Bombardier Dash 8 Q400 учагы сатылып алынган. Ал эми Dash 8 Q400 моделиндеги экинчи учак ошол эле жылдын октябрь айында “Манас” аба майданына келип конгон. Бул учактар аймактык каттамдарды өнүктүрүүгө жана ички аба байланышын бекемдөөгө өбөлгө болууда.

Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропортторуна" өлкө аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ аэропорттор.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын басма сөз катчысы Алена Хоменко Кыргызстанга келген Dash 8 Q400 учагы ички каттамдардан тышкары Казакстан менен Өзбестанга каттамдарды аткаруусу пландалып жатканын жана өлкөдөгү эл аралык аба майдандарында аткарылып жаткан иштер тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине маалымат берди.

“Эл аралык “Манас” аэропортунун аэровокзалы кошумча 18 миң кв. метрге кеңейтилди. Мында учуу-конуу тилкеси толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, перронду ондоо иштери октябрь айынын аягына чейин бүткөрүлмөкчү. “Ош” аэропортунда толук жаңы аэровокзалдын курулуш жүрүүдө. Эски аэровокзал жергиликтүү каттамдар үчүн, ал эми жаңысы эл аралык каттамдарды аткарууга ылайыкталат. “Ысык-Көл” аэропорту үчүн да жаңы 3 кабатуу, кенен аэровокзал курулууда, курулуш иштери дагы бир жылдай убакытты талап кылат. Ал эми эски кичи аэровокзал толугу менен алынат. “Каракол” аэропортунун учуу-конуу тилкеси 2 миң 140 метр болсо, чоң учактардын учуп-конуусу үчүн дагы 1 миң 300 метрге узартылууда. Тилкеде оңдоо иштери аяктагандан кийин бул аба майданда болжолдуу Казакстан, Өзбекстан, Россия, Катар менен эл аралык каттамдар аткарылат. Ал эми “Баткен” аэропорту күнүмдүк режимде иштеп, азырынча ири иштер пландалган жок”,- деди "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын өкүлү.

Ошондой эле аймактык аба майдандар боюнча маалымат берүүдө “Жалал-Абад” аэропорту курулушу аяктап, ишке берилүүдө эл аралык макамга ээ болоору кошумчаланды.

“Аймактык аэропорттор тууралуу айтсак, Раззаков шаарындагы И. Раззаков аба майданында да азырынча чоң иштер пландалган эмес, өз тартибинде иштөөдө. “Казарман”, “Нарын” аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн бирок, расмий түрдө ачыла элек. “Нарын” аэропортуна 4-сентябрда жүргүнчүлөр менен биринчи каттам жүргүзүлүп, 8-сентябрда расмий ачылышы болот. “Казарман” аба майданы да 8-сентябрдан тарта расмий түрдө иштеп баштайт. Толук реконструкцияланып өткөн жылы ишке кирген “Талас” аэропорту өз тартибинде иштөөдө”, - дейт Хоменко.

Авиация тармагын өнүктүрүүдө аэропортторду реконструкциялоо, жогоруда айтылгандай учак сатып алуу маанилүү орунда турат. Келген чет элдик коноктор, туристтер алгач аба майданга келип түшүп, өлкөбүз тууралуу биринчи таасир, көз караштар дал ушул жерден башталат. Ал эми аймактар ортосундагы аба каттамдардын көбөйүшү ички байланыштарды жакшыртып, калк үчүн жол жүрүү түйшүгүн жеңилдетет.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жарандардын жол жүрүүсүндө авиациялык транспорт эң коопсуз экенин Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Канат Төлөгөнов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Ички каттамдарды көбөйтүү, аба майдандарын оңдоп ишке берүү жана учактарды сатып алуудагы максат жарандарыбызга ыңгайлуу, жакшы шарттарды түзүү. Мисалы, кышкысын ашууларга кар түшүп, көчкү жүрүү коркунучу жогору, жолдор узак жана кооптуу. Ар бир Кыргызстандын бурчуна учак менен бара турган мүмкүнчүлүк түзүлүп келе жатат. Канчалык көбүрөөк учак болсо, ошончо жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүбүз кеңири болот. Экинчиден ар бир облуста аба майдандары иштеп, учак каттап турса, аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу. Үчүнчүдөн каттамдардын көбөйүшү туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзөт”,- деди Төлөгөнов.

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-октябрында Жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрү Брюсселге чакыруу менен барып, Еврокомиссия өкүлдөрү менен өлкөнүн авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу аракетинде кезектеги жолугушуу өтөөрүн Канат Төлөгөнов маалымдады.

“Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу аракетинде өткөн жылдын октябрь айында, ушул жылдын май айында Брюсселде, ушул жылдын мартында алар бизге келишип сүйлөшүүлөр жүргөн. Эми кийинки Брюсселдеги жолугушууда авиация тармактагы акыркы бардык иштерибизди көрсөтүп, финалдык аудитке даярдануу катары аракеттерди көрөбүз. Кийинки жолугушуу болгон декабрь айында финалдык аудит күтүлөт. Мында бүт эрежелер, процедуралар, дүйнөлүк стандарттар менен шайкештик, финансылык туруктуулук, кадрлардын сапаты бардыгы системалуу түрдө каралат. Биздин эң негизги максатыбыз “кара тизмеден” өлкөнүн авиакомпанияларын чыгаруу”, - деди Жарандык авиация агенттигинин директорунун биринчи орун басары.

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда Берлиндеги “Airbus Europe” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда 2025-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарылышы күтүлүп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын авиакомпаниялары "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген.

Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү аракеттери – өлкөнүн транспорттук коопсуздугун чыңдоо жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү багытындагы стратегиялык кадам болуп саналат. Жаңы учактардын келиши, аэропорттордун реконструкциясы жана “кара тизмеден” чыгуу аракеттер жакынкы жылдары авиацияны сапаттык жаңы деңгээлге чыгарып, ички жана тышкы каттамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтмекчи.