"Кыргыз-Ата" жаратылыш паркында экотуризмди өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 4 октябрь 2025 15:53
2.jpg
1.jpg
557196899_122186918948368081_8836575545657567328_n.jpg
557747828_122186918972368081_7958194288906114765_n.jpg
560925925_122186919068368081_7888417220865335204_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
557196899_122186918948368081_8836575545657567328_n.jpg
557747828_122186918972368081_7958194288906114765_n.jpg
560925925_122186919068368081_7888417220865335204_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Ноокат районундагы "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында экотуризмди өнүктүрүү концепциясы талкууланды.

Иш-чарага министрдин жана өкүлдүн орун басарлары катышып, жаратылыш паркынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштар жана пландар ортого салынды.

Белгилей кетсек, буга чейин 13-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жумушчу сапарынын алкагында Ноокат районундагы “Кыргыз-Ата” жаратылыш паркына барган. Иш сапардын жүрүшүндө паркты өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилген.

Атап айтканда:

- Кара-Кой эс алуу жайына саркынды суу чыгаруу системасын куруу;
- боз үйлөр шаарчасын жана эс алуучу комплекстерди түзүү;
- туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар долбоорлорду иштеп чыгуу.

Бүгүнкү жыйын ушул тапшырмаларды ишке ашыруунун жол-жоболорун, техникалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналды.