Кыргыз асыл тукум мамлекеттик заводунун чарбасы жанданып, силос даярдалууда

Экономика Загрузка... 10 Январь 2026 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Мамлекеттин колдоосу менен Кыргыз асыл тукум мамлекеттик заводунун чарбасы жанданып, өндүрүштүк ишмердүүлүгү кеңейүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, чарбанын базасында машина-трактордук станция түзүлүп, айыл чарба иштерин өз күчү менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Натыйжада завод өзүнө тиешелүү жерлерди толук кандуу иштетип, өндүрүштүн натыйжалуулугун арттырууда.

Жүгөрүнүн “Ала-Тоо” сорту өстүрүлүп, ар бир гектар жерден 40–50 тоннага чейин сапаттуу силос алынууда. Алынган силос тоют катары колдонууга чейин заманбап талаптарга ылайык даярдалууда.

Силостун бир боосунун салмагы 75 килограммдан 90 килограммга чейин жетет. Учурда чарбада жалпы көлөмү 500 тоннага чейин даяр силос запасы топтолгон.

Министрликтен кошумчалашкандай, мамлекеттин асыл тукум мал чарбасында сандан сапатка өтүү саясатынын алкагында малды тоюттандыруу базасын чыңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Акыркы мезгилде чыктуу тоют жогорку сиңимдүүлүгү жана азыктуулугу менен айырмаланып, башка тоют түрлөрүнө салыштырмалуу малды натыйжалуу багууга ыңгайлуу шарт түзүүдө.