Чүй жана Жалал-Абаддагы сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Аймак 11 сентябрь 2026 09:00
IMG_1208 (1).JPG
IMG_1141.JPG
IMG_1146.JPG
IMG_1148.JPG
IMG_1172.JPG
Алдыга
Артка
IMG_1208 (1).JPG
IMG_1141.JPG
IMG_1146.JPG
IMG_1148.JPG
IMG_1172.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган 44 жаңы цистерна берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Цистерналар Дүйнөлүк банк каржылаган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатып алынган. Алардын сыйымдуулугу 500 жана 1000 литрди түзөт.

Жаңы жабдуулар сүттү таза жана талапка ылайык чогултууга, сактоого жана ташууга шарт түзүп, анын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Цистерналарды өткөрүп берүү иш-чарасы Шопоков шаарында өтүп, ага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана сүт чогултуу пункттарынын өкүлдөрү катышты.