Ар бир айыл өкмөткө бирден ветврач дайындап жатабыз – Улугбек Кожобергенов

Коом Загрузка... 07 Апрель 2025 13:00
2021-06-23_15-02-21.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Ар бир айыл өкмөткө бирден ветеринардык врач бекитип жатабыз, - деди Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мекемесинин директору Улугбек Кожобергенов Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинде.

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев Нарын облусундагы ар бир айыл өкмөткө бирден ветврач дайындоо боюнча пилоттук долбоор кандай иштеп жаткандыгына кызыкты.

"Биз агрардык өлкөбүз жана ар бир айылда келишимдик, же жалдоо түрүндө эмес, штаттык негизде бирден ветврач болушу керек. Биз өмүр бою агрардык өлкө болуп келгенбиз жана ошол бойдон калабыз. Ошондуктан ар бир айылда бирден ветврач болушу керек, бул мезгилдин талабы. Тамак аш коопсуздугу дагы ушуга байланыштуу", - деди ал.

Ветеринардык кызматтын башчысы ар бир айыл өкмөттө бирден ветврач болот деп ишендирди.