Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Нарында көп тармактуу жаңы оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда тараптар Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен курула турган 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты.