Акыркы жылдары Кыргызстанда аймактардагы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Туристтердин сүйүктүү жайына айланган Ысык-Көл облусу менен катар өлкөнүн башка аймактары да саякатчыларды кызыктыра турган мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алардын бири — бийик тоолору, кооз жаратылышы, тоо көлдөрү жана бай тарыхый-маданий мурасы менен айырмаланган Нарын облусу.
“Кабар” агенттиги Нарын облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар, аймактагы туристтик тармак кандай өзгөрүп жатат жана саякатчыларды кайсы багыттар кызыктырышы мүмкүн деген суроолорго жооп издеди.

Нарын облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Нарын облусу туристтик мүмкүнчүлүктөрү жогору аймактардын бири. Облустун өзгөчө жаратылышы, бийик тоолуу аймактары, көлдөрү, жайлоолору, тарыхый-маданий мурасы жана көчмөн элдин бай салттары ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө кеңири жол ачат.
“Облустун туризм тармагындагы негизги артыкчылыгы — жаратылышка багытталган, экологиялык туруктуулукту эске алган жана улуттук маданият менен айкалышкан туристтик багыттарды сунуштай алуу. Мындан тышкары, Нарын облусунун географиялык жайгашуусу экотуризмди, жөө жана атчан саякаттарды, этнографиялык, окуялык жана фототуризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт”, — деп белгилешти мекемеден.

Нарын облусунда туризм жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана калктын кирешесин көбөйтүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Агенттиктин маалыматына караганда, аймакта туристтерди тейлөөдө конок үйлөрү, мейманканалар, боз үй лагерлери, туристтик агенттиктер, гиддер, транспорт жана коомдук тамактануу кызматтары маанилүү орунду ээлейт.
“Ошол эле учурда туристтик ишмердүүлүктүн басымдуу бөлүгү жай мезгилине туура келгендиктен, сезондук мүнөздү азайтуу жана туристтердин облуста болуу мөөнөтүн узартуу актуалдуу милдеттерден болуп саналат”, — деп белгилешти агенттиктен.
Нарын облусу туристтерди эмнеси менен кызыктыра алат?
Туризм боюнча эксперт Данияр Казаков “Кабар” агенттигине билдиргендей, Нарын облусунун өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү бар.
Анын пикирине ылайык, аймактагы келечектүү багыттардын бири — ат менен саякаттоо. Ошондой эле Нарын аркылуу Улуу Жибек жолу өткөнүн, анын ичинде Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган Торугарт ашуусу маанилүү тарыхый жолдордун бири болгонун белгиледи.
“Нарындын өзгөчөлүгү — бул жерде салттуу жашоо образы жана этностук өзгөчөлүк сакталып калган. Заманбап инфраструктура анчалык көп эмес. Ошондуктан жергиликтүү туризмди сактап, аны өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл”, — деди Данияр Казаков.

Эксперттин пикиринде, кызыктуу туристтик багыттардын катарына Соң-Көлдөн Таш-Рабатка, ошондой эле Таш-Рабаттан Көл-Сууга чейинки атчан саякаттарды кошууга болот. Мындан тышкары, Эки-Нарын аркылуу Ысык-Көл тарапка багыт алган атчан маршрутту да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
“Аймактын дагы бир өзгөчөлүгү — мал чарбачылыгынын өнүккөндүгү. Мал жайытка сезондук түрдө көчүрүлгөндө, туристтер көп сандаган уйлар менен жылкыларды көрө алышат. Былтыр биздин топ дал ушундай мал айдоого туш келип, туристтер аны көргөнүнө аябай таң калып, кубанышкан”, — деди ал.
Данияр Казаков атчан саякаттардан тышкары, Нарын облусунда тоо ашуулары аркылуу жип-турларды, велосипед менен саякаттоону жана ат менен велосипед айкалышкан турларды өнүктүрүүгө болорун белгиледи. Ошол эле учурда Улуу Жибек жолу аймактагы негизги туристтик багыттардын бири бойдон калууда.

Мындан тышкары, эксперт балык уулоо туризмин өнүктүрүү менен бирге балык ресурстарын да сактоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, өзгөчө тоо форелин коргоого көңүл буруп, аны электр тогу менен кармоого жол бербөө керек.
Туризмди өнүктүрүүдө эмнелерге көңүл буруу зарыл?
Данияр Казаковдун айтымында, көңүл бурууга арзый турган тарыхый жайлардын бири — Ат-Башыдагы чеп.
“Мамлекет бул чепти калыбына келтирүү иштерин колго алышы керек деп эсептейм. Ошондо ал туристтерди өзүнө тарткан жайлардын бирине айланат”, — деди ал.
Ошондой эле эксперт туризмди өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи. Анын пикиринде, бардык туристтик жайларда санитардык шарттар талаптагыдай болушу керек.

Данияр Казаков атчан саякаттарга да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, туристтер арасында мындай саякаттарга суроо-талап бар. Бирок жай мезгилинде жылкылар жайлоого айдалып кеткендиктен, төмөнкү аймактарда саякат уюштурууга ылайыктуу аттар калбай калат. Эксперттин пикиринде, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн бул маселени чечүү зарыл.
Нарын облусунда туризмди кантип өнүктүрүү керек?
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Нарын облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн төмөнкү багыттарга артыкчылык берүү зарыл.
- Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү. Туристтик жайларга баруучу жолдорду жакшыртуу, санитардык түйүндөрдү, эс алуучу жайларды, унаа токтотуучу аянтчаларды жана туристтер үчүн маалымат борборлорун уюштуруу.
- Жергиликтүү жамааттарга таянган туризмди өнүктүрүү. Айыл тургундарын конок үйлөрүн иштетүүгө, улуттук тамак-аштарды даярдоого, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоого жана туристтерди тейлөөгө тартуу.
- Туристтик кызматтардын сапатын жогорулатуу. Гиддерди жана туризм тармагындагы ишкерлерди окутуу, тейлөө стандарттарын киргизүү, коопсуздук талаптарын күчөтүү жана туристтердин канааттануусун жогорулатуу.
- Туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жайылтуу. Нарын облусунун туристтик багыттарын эл аралык көргөзмөлөрдө, туристтик форумдарда жана санариптик платформаларда таанытуу, чет өлкөлүк туроператорлор менен кызматташууну кеңейтүү.
- Экологиялык жана туруктуу туризмди өнүктүрүү. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, таштандыларды башкаруу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында белгиленген талаптарды сактоо.
- Инвестиция тартуу. Туристтик инфраструктураны түзүүгө жана жаңылоого жеке секторду тартуу, инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

Туристтердин агымы жана ишканалардын саны өсүүдө
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022–2025-жылдары туризм тармагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны туруктуу өскөн. Тактап айтканда, 2022-жылы алардын саны 34 516 болсо, 2023-жылы 102 517ге, 2024-жылы 141 378ге жеткен. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 164 238ди түзгөн.
Ошентип, 2025-жылы туризм тармагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 2022-жылга салыштырмалуу 129 722ге көбөйүп, 3,8 эсеге өскөн.
Мындан тышкары, облустагы туристтик ишканалар, уюмдар жана эс алуу мекемелери тейлеген туристтердин саны да жыл сайын көбөйгөн.
2022-жылы аймакка 34 516 адам келген. 2023-жылы алардын саны 102 517ге жетип, бир жылда 68 001 адамга же 197%га өскөн.
2024-жылы туристтердин саны 141 378 адамды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 38 861 адамга же 37,9%га көбөйгөн.
Ал эми 2025-жылы аймакка келген туристтердин саны 164 238ге жеткен. Бул 2024-жылга караганда 22 860 адамга же 16,2%га көп.

Туризм тармагындагы негизги субъекттердин айрым түрлөрү боюнча да өсүш байкалган. Атап айтканда:
- мейманканалардын саны 2022-жылы 95 болсо, 2025-жылы 100гө жеткен;
- туристтик ишканалардын жана эс алуу мекемелеринин саны 131ден 156га көбөйүп, өсүш 19,1%ды түзгөн;
- кафе-ресторандардын саны 203төн 276га жетип, 73 мекемеге же 36%га өскөн. Бул көрсөтүлгөн категориялардын ичиндеги эң чоң сандык өсүш;
- туристтик агенттиктердин жана туроператорлордун саны 94төн 99га көбөйгөн;
- санаторий-курорттук мекемелердин саны 2ден 3кө жеткен;
- жаратылыш парктарынын жана коруктардын саны өзгөрбөй, 3 бойдон калган.
Маалыматта белгиленгендей, туристтердин агымынын көбөйүшү менен катар кафе-ресторандардын санынын өсүшү тамак-аш жана туристтерди тейлөө кызматтарына болгон суроо-талаптын жогорулаганын көрсөтөт. Ошондой эле туристтик ишканалардын жана эс алуу мекемелеринин көбөйүшү туристтик инфраструктуранын акырындап кеңейип жатканын айгинелейт.
Жалпысынан, 2022–2025-жылдары туризм тармагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин санынын өсүшү бул тармактагы ишкердик активдүүлүктүн жогорулаганын, туристтик кызмат көрсөтүү рыногунун кеңейгенин жана туризмдин өлкө экономикасындагы ролу күчөп жатканын көрсөтөт.

Жыйынтыктап айтканда, Нарын облусу кооз жаратылышы, тарыхый-маданий мурасы менен туризмди өнүктүрүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ат менен саякаттар, экотуризм, тоо ашуулары аркылуу саякаттоо жана жергиликтүү элдин каада-салттары менен таанышуу жаңы туристтерди тартууга өбөлгө түзө алат.
Ошол эле учурда туризмди мындан ары өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, жаратылыш ресурстарын сактоо жана жергиликтүү тургундардын туристтик ишмердүүлүккө катышуусуна шарт түзүү зарыл.