Кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкуулады

Саясат Загрузка... 07 Август 2025 14:20
WhatsApp Image 2025-08-06 at 13.38.57.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана консулдук чөйрөлөрдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

АКШнын виза саясатында миграциялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн эки тараптуу сапарларды уюштуруу демилгелери козголду.