Кыргыз-Америка диалогу: Саясий, виза жана миграция маселелери талкууланды

Саясат Загрузка... 29 Сентябрь 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында орун алды.

Анда тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин талкуулап, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү багытында биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин тастыкташты.

Соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап америкалык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде, америкалык тарап өз ара кызыкчылыктарга жооп берген багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады.

Тараптар ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелерди карап чыгышты. Жээнбек Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгын жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды сактоонун зарылдыгы билдирилди.

Андан сырткары, тараптар аймактык кызматташуунун келечегин талкуулап, «С5+1» форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана алдыдагы иш-чаралар тууралуу пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар кеңири спектрдеги эки тараптуу кызматташтык боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин тастыкташты.