Кыргызстанда ак топоздун жаңы породасы мамлекеттик каттоодон өттү

Коом 21 Июль 2026 09:50
751321377_1666922227744572_6527462033313534582_n.jpg
2.jpg
749629511_5414076948816735_6576205847864510898_n.jpg
750312553_4444390645848614_807418826641614127_n.jpg
750785909_27304309872603315_4991406692984991818_n.jpg
751549797_1524013478709362_5232595631343176585_n.jpg
Алдыга
Артка
751321377_1666922227744572_6527462033313534582_n.jpg
2.jpg
749629511_5414076948816735_6576205847864510898_n.jpg
750312553_4444390645848614_807418826641614127_n.jpg
750785909_27304309872603315_4991406692984991818_n.jpg
751549797_1524013478709362_5232595631343176585_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. 20-июлда Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда ак түстөгү кыргыз топозу Кыргыз ак топозу аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү.

Суу ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жаңы породаны мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрукка айыл чарба министри Эрлист Акунбеков кол койду.

Министр бул чечим өлкөнүн асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.

"2014-2026-жылдары жүргүзүлгөн селекциялык иштердин натыйжасында бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы породасы түзүлдү", - деди ал.

Белгилей кетсек, Социалисттик эмгектин баатыры, көрүнүктүү селекционер жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун көп жылдык эмгеги жаңы породанын калыптанышына чоң салым кошту. Бул жетишкендик окумуштуулардын, селекционерлердин, адистердин, асыл тукум чарбаларынын жана мал багуучулардын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.

Илимий изилдөөлөр жаңы породанын жогорку өндүрүмдүүлүгүн, тирүүлөй салмагынын, төл алуу көрсөткүчтөрүнүн жана жаш малдын сакталышынын жакшы деңгээлин тастыктады.

Ошондой эле Кыргыз ак топозу сапаттуу ак жүнү жана тыбыты менен айырмаланып, текстиль өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат. Жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.