Кыргыз адистери Японияда такшалмадан өтүп, тажрыйбасын арттырат

Коом 17 август 2026 16:50
Кыргыз адистери Японияда такшалмадан өтүп, тажрыйбасын арттырат
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова Япониянын Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргызстандык музейлердин жаш адистери үчүн реставрация жана консервациянын заманбап ыкмалары боюнча практикалык мастер-класс өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын адистеринин практикалык тажрыйбасын арттыруу максатында Япониядагы реставрациялык борборлордо такшалмадан өтүү боюнча сунуштар айтылды.

Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги бул демилгелерди колдоп, өз кезегинде Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде институттун археологиялык экспонаттарынын көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады.